Түркиядан 110 өлкөгө мисте экспорттолду

Түштүк-Чыгыш Анадолу экспортчулар бирикмелеринин (GAİB) маалыматына караганда, 2020-жылы 118 миллион 923 миң долларлык мисте экспорту жасалган.

1767024
Түркиядан 110 өлкөгө мисте экспорттолду

Түркиядан 2021-жылы мисте экспорту мурунку жылга салыштырмалуу 76 пайызга өсүп 209 миллион 686 миң долларга жетти.

Түштүк-Чыгыш Анадолу экспортчулар бирикмелеринин (GAİB) маалыматына караганда, 2020-жылы 118 миллион 923 миң долларлык мисте экспорту жасалган.

2021-жылы экспорт өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнөн 76 пайызга ашып, 209 миллион 686 миң долларга жетти.

Өткөн жылы Италия, Германия, Кытай, Канада, Португалия, Малайзия, Мальта, Тайвань, Марокко, Жапония, Молдова, Улуу Британия, Куба жана Орусия сыяктуу 110 мамлекетке 20 миң 332 тонна мисте экспорттолгон.

Түркия эң көп мисте экспорт кылган өлкөлөрдүн башында Италия орун алган.

Түркия өткөн жылы Италияга 50 миллион 74 миң долларлык мисте сатты.

Италиядан кийин 33 миллион 627 миң доллар менен Германия, 12 миллион 839 миң доллар менен Кытай Эл Республикасы болду.



Тектеш кабарлар