Түркиянын ЕБ өлкөлөрүнө экспорту 80 миллиард долларга жакындады

Түркиянын жалпы экспорту 2021-жылдын январь-ноябрь айларында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 33,8 пайызга өсүп 203 миллиард 141 миллион 161 миң долларга жетти.

1743184
Түркиянын ЕБ өлкөлөрүнө экспорту 80 миллиард долларга жакындады

Түркиянын Европа Биримдиги (ЕБ) өлкөлөрүнө экспорту ушул жылдын 11 айында 2020-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 34,3 пайызга өсүп 78 миллиард 557 миллион 731 миң долларга жетти.

Түркиянын жалпы экспорту 2021-жылдын январь-ноябрь айларында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 33,8 пайызга өсүп 203 миллиард 141 миллион 161 миң долларга жетти.

Аталган мезгилде ЕБ өлкөлөрүнө экспорт 34,3 пайыздык өсүү менен 78 миллиард 557 миллион 731 миң доллар болду.

Жылдын 11 айында ЕБ өлкөлөрүнө эң көп автомобиль өнөр жайы, даяр кийим жана тигүү, химиялык заттар жана буюмдар, болот, кара жана түстүү металлдар экспорттолду.

ЕБ өлкөлөрүнө экспортто автомобиль өнөр жайынын, даяр кийим жана кийим-кече, химиялык заттар жана буюмдардын, болоттун, кара жана түстүү металлдардын экспортунун үлүшү 65 пайызды түздү.

Аталган мезгилде Европа Биримдигинин өлкөлөрүнө жөнөтүлгөн 17 миллиард 81 миллион 130 миң долларды автомобиль өнөр жайы, 11 миллиард 142 миллион 687 миң долларды даяр кийим-кече жана тигүү өндүрүшү, 9 миллиард 39 миллион 894 миң долларды химиялык заттар жана буюмдар, 7 миллиард 582 миллион 986 миң долларды болот жана 5 миллиард 825 миллион 459 миң долларды  кара жана түстүү металлдардын экспорту түзгөн.

Түркия Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн ичинен Германияга эң көп экспортту ишке ашырды.



Тектеш кабарлар