ROKETSAN Бангладешке экспорт жасайт
Түрк коргоо өнөр жайы өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөнүн төрт бурчуна жеткирүүнү улантууда.
1667137
Президенттиктин Коргоо өнөр жайынын башчысы Исмаил Демир ROKETSANдын (Ракета өнөр жай жана соода акционердик коому) өндүрүмдөрүнүн бир бөлүгүнүн Бангладешке экспорттоло тургандыгын билдирди.
Исмаил Демир Твиттердеги баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө, Түрк коргоо өнөр жайынын өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөнүн төрт бурчуна жеткирүүнү улантып жаткандыгын белгилеп: «Бангладеш менен кол коюлган Мамлекеттен мамлекетке (G2G) кызматташтык жөнүндө меморандумдун алкагында ар кандай ROKETSAN өнүмдөрүн экспорттоо боюнча келишим түзүлдү», деди.