БТЖ куурунан Жейхан портуна ташылган мунай
Баку-Тбилиси-Жейхан мунай куурунан 2021-жылдын алгачкы 3 айында 6,7 миллион тонна мунай ташылды.
1630855
Баку-Тбилиси-Жейхан (БТЖ) мунай куурунан Жейхан портуна 2006-жылдан бери 482 миллион тонна мунай жеткирилди.
British Petroleum (BP) Азербайжан бюросунун билдирүүсүнө караганда, Баку-Тбилиси-Жейхан мунай куурунан 2021-жылдын алгачкы 3 айында 6,7 миллион тонна (51 миллион баррель) мунай ташылды.
Жейхан портуна жеткирилген чийки мунайдын көлөмү болсо БТЖ ишке киргизилген 2006-жылдан бери 482 миллион тоннаны (3,62 миллиард баррель) түздү.
БТЖ мунай түтүгү аркылуу Азери-Чираг-Гүнешли кенинен алынган нефть жана Шахдениз кенинен чыккан конденсат ташылууда. 1768 чакырымдык бул линия менен Азербайжандан тышкары Россия, Түркмөнстан жана Казакстан мунайы дагы ташылат.