Түркиянын суу өнүмдөрүнүн экспорту 1 миллиард доллардан ашты

Бул тууралуу маалымат Түркиянын Статистикалык мекемесинен берилди.

1629240
Түркиянын суу өнүмдөрүнүн экспорту 1 миллиард доллардан ашты

Түркияда суу өнүмдөрүнүн экспорту 2020-жылы 1 миллиард доллардан ашты.

Түркия Статистикалык мекемесинин маалыматтары боюнча, балыктар, рак сымал жаныбарлар, моллюскалар жана башка суу омурткасыздар баш болуп Түркиянын ушул категорияларга кирген балык чарба продукцияларынын экспорту өсүүдө.

Деңиз азыктарында 2016-жылы 744 миллион 561 миң доллар, 2017-жылы 797 миллион 256 миң доллар, 2018-жылы 879 миллион 590 миң доллар жана 2019-жылы 962 миллион 233 миң доллар экспорттоо жасалган.

Өткөн жылы аталган экспорттун көлөмү биринчи жолу 1 миллиард доллардан ашты.

Балык чарбасынын экспорту 5 жыл мурдагыга салыштырмалуу 35,5 пайызга көбөйүп, былтыр 1 миллиард 8 миллион 944 миң долларга жетти.

Ошентип, аталган мезгилде балык чарбасынын жалпы экспорту 4 миллиард 392 миллион 584 миң долларды түздү.

Өткөн жылды эске алганда, эң көп экспорт 133 миллион 78 миң доллар менен Нидерландияга жасалган, андан кийин Россияга 131 миллион 889 миң доллар, Италияга 121 миллион 454 миң доллар  жана Грецияга 81 миллион 244 миң доллардык экспорт  жасалган.



Тектеш кабарлар