Түркиядан 78 өлкөгө калемпир экспорттолду

Бул маалыматтар Түштүк-Чыгыш Анадолу Экспортерлор Биримдигинен (GAİB) алынган.

1627972
Түркиядан 78 өлкөгө калемпир экспорттолду

Түркия, жылдын алгачкы үч айында 78 мамлекетке  2 миллион 297 миң долларлык калемпир үлпүлдүктөрүнүн экспортун ишке ашырды.

Түштүк-Чыгыш Анадолу Экспортерлор Биримдигинен (GAİB) алынган маалыматтарга караганда Түркиядан өткөн жылы 107 өлкөгө 7 миллион 637 миң долларлык калемпир үлпөсү экспорттолгон.

Өткөн жылдын январь-март айларында 1 миллион 807 миң доллар киреше алынса, ал эми ушул жылдын тийиштүү мезгилинде экспорттоо 27 пайызга көбөйүп, 78 өлкөгө жасалып 2 миллион 297 миң доллар валюта киргизилген.

Биринчи чейректе Германия, Нидерландия, Англия, Ирак, Америка Кошмо Штаттары, Франция, Россия, Бириккен Араб Эмираттары, Ливия, Канада, Оман, Япония, Иордания, Эфиопия, Египет, Мальта жана Кения дагы арасында болгон 78 өлкөгө 891 тонна калемпир сатылган.

Калемпирди экспорттоодо 660 миң доллар менен Германия биринчи орунду ээледи. Бул өлкөдөн кийин 330 миң доллар менен Нидерландия жана 260 миң доллар менен Улуу Британия келди.



Тектеш кабарлар