Дүйнөлүк банк Түркиянын экономикалык өсүү божомолун жогорулатты
Банктын билдирүүсүндө Европа жана Борбор Азия экономикасы боюнча божомолдор жаңыланган деп айтылган.
1612456
Дүйнөлүк банк, Түркиянын экономикасы боюнча 2021-жылга карата өсүү божомолун 4,5 пайыздан 5 пайызга көтөрдү.
Банктын билдирүүсүндө Европа жана Борбор Азия экономикасы боюнча божомолдор жаңыланган деп айтылган.
Жаңыртуунун алкагында Түркиянын экономикасынын өсүү божомолу дагы кайра каралып жогорулатылды.
Мурда 2020-жылы 0,5 пайызга өсөт деп божомолдонгон Түркиянын экономикасы өткөн жылы 1,8 пайызга өскөн деп болжолдонгон.
2021-жылдагы Түркия экономикасынын өсүү божомолу 4,5 пайыздан 5 пайызга чейин көтөрүлдү.