Усейли: «Палестина маселесин ар тараптуу колдогондугу үчүн Түркияга ыраазычылыгыбызды билдирем»

Түркия менен Палестинанын Ишкердик кеңештеринин ортосунда онлайн түрүндө жыйын өттү.

1611395
Усейли: «Палестина маселесин ар тараптуу колдогондугу үчүн Түркияга ыраазычылыгыбызды билдирем»

Палестинанын экономика министри Халид аль-Усейли: «Түркия Республикасынын өкмөтү жана эли Палестина маселесин ар тараптуу колдоп келе жаткандыгы үчүн ырахматыбызды айтам жана ыраазычылыгыбызды билдирем»,- деди.

Тышкы экономикалык байланыштар кеңешинин (DEIK) Түркия-Палестина Ишкердик кеңеши менен катарлаш канат уюму Палестинанын Ишкерлер Ассоциациясы (PBA) менен биргеликте «DEIK Interconnected Business Series» алкагында уюштурулган «Түркия-Палестина» жолугушуусу онлайн түрүндө өткөрүлдү.

Палестинанын экономика министри Усейли өз сөзүндө, жыйналыштын эки бир тууган өлкөнүн ортосундагы стратегиялык карым-катнаштарды кеңейтүү жана жеке сектордун өкүлдөрү тарабынан жаңы өнөктөштүк түзүү аркылуу Палестинадагы инвестицияларды көбөйтүүгө багытталгандыгын билдирди.

Жаңы түрдөгү коронавирус (Ковид-19) эпидемиясына байланыштуу жолугушууну онлайн режиминде уюштуруу эки өлкөнүн экономикалык карым-катнаштарына берилген маани-маңызын дагы көрсөтөрүн белгилеген Усейли: «Биз орток тарых жана туугандыктын негизинде орун алган  эки тараптуу мамилелерди бардык тармакта өнүктүрүүнү жактайбыз»,-деди.

Түркиянын ар дайым Палестинанын жанында болгонун белгилеген Усейли: «Түркия Республикасынын өкмөтү жана элине Палестина маселесин ар тараптуу колдоп келе жаткандыгы үчүн ырахматыбызды айтам жана ыраазычылыгыбызды билдирем»,-деди.

Усейли эки өлкөнүн ортосунда кабыл алына турган жаңы чечимдер карым-катнаштарды жакшыраак нукка салат деп ойлой тургандыгын билдирди.

Палестинанын Анкарадагы элчиси Фаедда Мустафа, Түркия менен Палестинанын ортосундагы экономикалык карым-катнаштардын жогорку деңгээлде экендигин белгилеп, «Биз өз ара мамилелерибизди толугу менен «win-win» моделинин негизде бекем жүргүзүп жатабыз»,-деп айтты.

Акыркы жылдары эки өлкөнүн ортосунда бир катар келишимдерге кол коюлганын эскерткен Мустафа, Түркия менен Палестинанын кызматташтыгын мамлекеттик жана жеке секторлор аркылуу улантылып жаткандыгын белгилеп өттү.

Түркиянын Кудстагы башкы консулу Ахмет Рыза Демирер да өз сөзүндө Палестина экономикасынын басып алуу шарттарына карабастан жандуу экономика экендигин айтып, «Түркия менен Палестинанын ортосундагы инвестиция жана соода мүмкүнчүлүктөрү көрүнгөндөн алда канча көп»,-деди.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар