Түркия деңиз азыктарынын экспортунда рекорд жаңылады

Түркия, деңиз азыктарынын экспортун 2021-жылдын биринчи айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 12 пайызга көбөйүп 100 миллион 809 миң долларга жеткирди.

1584823
Түркия деңиз азыктарынын экспортунда рекорд жаңылады

Түркия 2019-жылы 1 миллиард 11 миллион доллар болгон суу азыктарынын экспортун 2020-жылы 1 миллиард 53 миллион долларга жеткирип рекорд жаңылады.

Түркия өндүрүүдө дүйнө лидери болгон окундан, мурунку жылга салыштырмалуу 7 пайыздык өсүү менен 355,6 миллион долларлык киреше тапты.

Түркиядан эң көп окунь импорттогон өлкө 85 миллион 186 миң доллар менен Нидерландия болду. Бул өлкөдөн кийин 58 миллион доллар менен Улуу Британия, 52 миллион доллар менен Италия ээледи.

Чипуранын (Морской лещ) экспортунда болсо 2020-жылы 311 миллион доллар деп катталды. Чипураны экспорттоодо Италия 56 миллион 586 миң доллар менен биринчи орунду ээледи. Экинчи орундагы Грецияга Түркия 42 миллион 180 миң долларлык экспорт жасады. Чипуранын экспортунда болсо Нидерландия 41 миллион 590 миң доллар менен үчүнчү орунду ээледи.

Түркия, деңиз азыктарынын экспортун 2021-жылдын биринчи айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 12 пайызга көбөйүп 100 миллион 809 миң долларга жеткирди.



Тектеш кабарлар