Швециялык министр солчул партиянын депутаттарына ПКК боюнча сын айтты

Швециянын премьер-министри Магдалена Андерссон өлкөсүнүн расмий маалымат агенттиги ТТге берген маалыматында ПККнын террордук уюм экенин белгиледи.

1853256
Швециялык министр солчул партиянын депутаттарына ПКК боюнча сын айтты

Швециянын премьер-министри Магдалена Андерссон өлкөсүндөгү солчул партиялардын депутаттарын жикчил террордук уюм ПККны символдоштурган чүпөрөктөр менен сүрөткө түшүүсүн сындады.

Андерссон өлкөсүнүн расмий маалымат агенттиги ТТге берген маалыматында ПККнын террордук уюм экенин белгилеп, террордук уюмдун чүпүрөктөрүн айтып: «ПКК бир гана Швециянын эмес, Европа Биримдигинин да террордук уюмдарынын тизмесинде. Бул желек менен сүрөткө түшүү өтө туура эмес»,- деп айтты.

Швециянын адилет жана ички иштер министри Морган Йоханссон да Твиттер эсебинен билдирүү жасап, ПККнын колунда көптөгөн бейкүнөө адамдын каны бар экенине көңүл буруп,«ПКК мурда 1984-жылы Улоф Пальме өкмөтү тарабынан террордук уюм катары таанылган»,деген маалыматты бөлүшкөн.

Солчул партиянын депутаттарынын сүрөттөрүн «кабыл алынгыс» деп мүнөздөгөн Йоханссон да партияны ПККнын кыймылдарын токтотууга чакырды.



Тектеш кабарлар