Германиянын президенти Түркиядагы жолугушууларына баа берди

Штайнмайер: «Сапарымдын ар бир мүнөтү баалуу болду».

2132504
Германиянын президенти Түркиядагы жолугушууларына баа берди

Германиянын президенти Франк Вальтер Штайнмайер, Жакынкы Чыгышта туруктуу тынчтыктын эки мамлекеттүү чечим менен мүмкүн боло турганы темасында Түркия менен бирдей пикирде экендиктерин айтты.

Президент Штайнмайер Түркияга 22-24-апрель күндөрү ишке ашырган сапары тууралуу түрк журналисттерине маалымат берди.

Өлкөсү менен Түркиянын Жакынкы Чыгыштагы кагылышууларга карата көз караштарынын ар башка экенине көңүл бурган Штайнмайер: «Бирок биз Түркия менен Жакынкы Чыгышта туруктуу тынчтыктын эки мамлекеттүү чечим менен мүмкүн боло турганы темасында бирдей пикирдебиз»,-деди.

Түркиядагы жолугушууларын конструктивдүү деп мүнөздөгөн Штайнмайер: «Сапарымдын ар бир мүнөтү баалуу болду»,-деп билдирди.

Штайнмайер Түркияга сапарынын эки өлкөнүн карым-катнаштары жагынан маанисине токтолуп: «Дипломатиялык карым-катнаштарыбыздын башталышынын 100 жылдыгында Түркияга келүү мен үчүн абдан маанилүү болду»,-деди.

Эки өлкөнүн НАТОдогу Чоң жыйырманын шериктеш мүчөсү экенине көңүл бурган немис лидер: «Түркия-Германия катары биз бири-бирибиз үчүн зарылбыз, бири-бирибизге муктажбыз»,-деп айтты.

Штайнмайер ошондой эле президент Эрдоганды өз өлкөсүндө өтө турган жана Түркиянын Улуттук курама командасы да мелдеше турган EURO 2024кө (14-июнь-14-июль) күтүп жатканын да маалымдады.



Тектеш кабарлар