Талибан 3 өлкөнү ДЕАШ боюнча айыптады

Муттаки борбор шаар Кабулда Экинчи ооган-казак жарманкесинин ачылышында сөз сүйлөп, өлкөсүндөгү террордук кол салууларга байланыштуу билдирүүлөрдү жасады.

2132398
Талибан 3 өлкөнү ДЕАШ боюнча айыптады

Ооганстандын убактылуу өкмөтүнүн тышкы иштер министринин орун басары Эмирхан Муттаки үч коңшу өлкөнүн террордук уюм ДЕАШтын дараметин арттырганын жүйө кылды.

Улуттук басма сөздө орун алган кабарга караганда, Муттаки борбор шаар Кабулда Экинчи ооган-казак жарманкесинин ачылышында сөз сүйлөп, өлкөсүндөгү террордук кол салууларга байланыштуу билдирүүлөрдү жасады.

Үч коңшу өлкөнүн Ооганстанда жана аймакта террор уюму ДЕАШка колдоо көрсөткөнүн жактаган Муттаки, булардан биринин уюмду адам күчү менен камсыздаганын, экинчисинин машыктырганын, үчүнчүсүнүн болсо логистикалык жактан колдогонун айтты.

Өлкөсүндө болгон 10 террордук кол салуунун «Ооганстандын тышында» пландалганын билдирген Муттаки, бул өлкөлөрдөн аларга зыян келтирүүнү токтотууну талап кылды.

Эмирхан Муттаки аталган өлкөлөрдүн атын ачыктаган жок, бирок айрым ооган маалымат каражаттары Тажикстан, Пакистан жана Ирандан сөз кылганын жазып чыгышты.



Тектеш кабарлар