Орусия латвиялык 2 дипломатты депортациялоодо
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Латвиянын буга чейин 2 орус дипломатты «персона нон грата» деп жарыялаганы эске салынды.
Орусия Латвиянын Москвадагы элчилигинде иштеген эки дипломатты "кааланбаган киши" деп жарыялады.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Латвиянын буга чейин 2 орус дипломатты «персона нон грата» деп жарыялаганы эске салынды.
Мунун «негизсиз» кадам экени айтылган билдирүүдө, ушул себептен Латвиянын Москвадагы элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Даче Рутканын Министрликке чакырылганы кабарланды.
Билдирүүдө төмөндөгүлөр белгиленди: «Латвиянын Москвадагы элчилигинде иштеген эки дипломат өз ара принцибине жана Дипломатиялык мамилелер боюнча Вена конвенциясынын 9-беренесине ылайык депортацияланууда. Латвия тарапка эгер Рига орус дипломаттарына каршы кастык аракеттерин уланта берсе, Москва сөзсүз түрдө Рига үчүн азаптуу кадамдарды жасай турганы айтылды».
Тектеш кабарлар
Израиль дагы бир журналистти өлтүрдү
2023-жылдын 7-октябрынан бери Газа тилкесинде каза болгон журналисттер тууралуу маалымат берилди.