Израилдик министр: "Газа жок кылынсын"

Безалел Смотрих, Согуш Кеңешинин жыйынынан кийин X социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасады.

2132332
Израилдик министр: "Газа жок кылынсын"

Израилдин ашынган оңчул каржы министри Безалел Смотрих тышкы чалгындоо агенттиги Моссадды Хамастын лидерлерин өлтүрүүгө жана Газа тилкесин толугу менен жок кылууга чакырды.

Безалел Смотрих, Согуш Кеңешинин жыйынынан кийин X социалдык медиа баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө: «Моссаддын Израилдин коопсуздугуна зыян келтирген сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн ордуна, дүйнөнүн бардык жериндеги Хамас лидерлерин жок кылуу менен үйрөтүлгөн нерсеге кайтууга убакыты келди»,-деп айтты.

Хамас менен туткундарды алмаштыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү четке каккан Смотрих: «Мындан ары Хамас менен ракеталар жана бомбалар менен гана сүйлөшүшүбүз керек»,-деди.

Ашкере оңчул министр, Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарын "мүмкүн болушунча тез жана күчтүү түрдө басып алууга, (аймак) толугу менен жок кылынмайынча басып алууну улантууга" чакырды.

Смотрих бул «Израилдин коопсуздугу үчүн зарыл жана уурдалган адамдарды кайтарып алуу үчүн жалгыз мүмкүнчүлүк» деп айтты.



Тектеш кабарлар