Түндүк Корея АКШ, Түштүк Корея жана Жапониянын кызматташтыгына каршы чыкты

Йонхаптын кабарына караганда, Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлигинен жасалган билдирүүдө, «Корей жарым аралынын жана дүйнөнүн тездик менен начарлап бараткан коопсуздугуна каршы күрөшүү үчүн өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн тез арада өнүктүрүү зарыл»

1851193
Түндүк Корея АКШ, Түштүк Корея жана Жапониянын кызматташтыгына каршы чыкты

Түндүк Корея Испаниянын борбор шаары Мадридде өткөрүлгөн 32-НАТО саммитинде жана АКШ, Түштүк Корея жана Жапониянын үч тараптуу саммитиндеги аскердик кызматташтыкка каршы чыкты.

Йонхаптын кабарына караганда, Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлигинен жасалган билдирүүдө, «Корей жарым аралынын жана дүйнөнүн тездик менен начарлап бараткан коопсуздугуна каршы күрөшүү үчүн өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн тез арада өнүктүрүү зарыл»,делди.

Билдирүүдө Түштүк Кореянын президенти Юн Сук Ёл, Жапониянын премьер-министри Кишида Фумио жана АКШнын президенти Жо Байдендин Мадриддеги 32-НАТО саммитинде өткөрүлгөн үч тараптуу саммитте сүйлөшкөн аскердик кызматташтык катуу айыпталды.

Билдирүүдө эгемендигин жана кызыкчылыктарын коргой турган Түндүк Кореянын аймакта тынчтык жана коопсуздукту камсыздоо милдетин аткара турганы белгиленди.

АКШ, Жапония жана Түштүк Кореянын лидерлерин 2017-жылдан бери биринчи жолу жолуктурган саммитте Түндүк Кореянын ыктымал ядролук сыноосуна каршы үч тараптуу кызматташтыкка басым жасалган.

АКШнын президенти Жо Байден менен жолугушкан эки лидер Түндүк Кореянын баллистикалык ракета сыноолору коркунучуна кабылган Индо-Тынч океан аймагында үч тараптуу коопсуздук кызматташтыгын арттыруу боюнча макулдашышты.



Тектеш кабарлар