Хуситтер: «Биз Израилдин кемесин аттык»

Хуситтердин аскердик катчысы Яхья Сери телекөрсөтүүдөгү сөзүндө Аден булуңундагы Израилдин MSC Darwin кемесин ракета жана учкучсуз учуучу аппараттар менен бутага алышкандарын жана максатына жеткендерин айтты.

2132456
Хуситтер: «Биз Израилдин кемесин аттык»

Йеменде өкүмдарлык кылган хуситтер Аден булуңунда израилдик кемени атканын кабарлашты.

Хуситтердин аскердик катчысы Яхья Сери телекөрсөтүүдөгү сөзүндө Аден булуңундагы Израилдин MSC Darwin кемесин ракета жана учкучсуз учуучу аппараттар менен бутага алышкандарын жана максатына жеткендерин айтты.

Сери Израилдин түштүгүндөгү жээктеги Эйлат шаарындагы буталарга да ракеталык чабуулдарды жасагандарын айтты.

Хусит күчтөрүнүн Кызыл деңизде, Оман деңизинде жана Инд океанында Израилдин жана бул өлкө менен байланышы барлардын кеме жүрүүсүнө бөгөт коюуну улантып жатканын белгилеген Сери : «Биз оккупацияланган Палестинада Израилдин душман буталарына каршы мындан аркы аскердик операцияларды улантуудабыз. Израил агрессиясын токтотмоюнча жана Газа тилкесиндеги блокаданы алып салмайынча Палестина элине колдоо көрсөтүү операцияларыбыз токтобойт»,-деп айтты.

Хуситтердин лидери Абдулмалик аль-Хуси телекөрсөтүүдөгү сөзүндө АКШ, Израиль жана Англиянын деңиз буталарына каршы «Йемен фронтунун» операцияларынын уланып жатканын белгилеп, бул операциялардын Инди океанына дагы да кеңейтилери менен коркутту...

Израиль менен байланышы бар кемелерди бутага алган операциялардын ылдамдыгынын эки күндө бир кемеге жеткенине көңүл бурган Хуси, АКШнын Кызыл деңизден сүзүп өтүүсүн 80 пайызга кыскартканын, мунун алар үчүн чоң жеңиш жана ийгилик болгонун айтты.

Иран колдогон хуситтер Израилдин 7-октябрда Газага башталган кол салууларына реакция катары 31-октябрдан бери Йемендин жээктеринде израилдик компаниялар менен байланышы бар коммерциялык кемелерди басып алып, айрымдарына учкучсуз учуучу аппараттар жана ракеталар менен кол салууда...

Хуситтердин аракеттеринен кийин көптөгөн жүк ташуучу компаниялар Кызыл деңиздеги саякаттарын токтотуу чечимине келди.



Тектеш кабарлар