Ирак күрт аймактык башкаруусу ПКК террордук уюмунун кол салгандыгын жарыялады
Кол салууда 2 киши каза болуп, 2 киши жаракат алды.
1833386
Ирак күрт аймактык башкаруусу ПКК террордук уюмдун Духокко караштуу Амеди районуна карата ракеталык кол салуусунда 2 кишинин каза болгондугун жарыялады.
Ирак күрт аймактык башкаруусунун террор менен күрөшүү бөлүмү бул тууралуу расмий фейсбук баракчасынан маалымат берди. Маалыматта : "ПКК террористтери Амедиге караштуу Бамерни кичи районундагы Эредна айылына 2 ракета атты. Кол салууда 2 жаран шейит болуп, 2 киши да жаракат алды",- деп билдирилди.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.