Израилдин Газа тилкесиндеги кол салууларынан каза болгондор...

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Газадагы билдирүүсүндө Израилдин Газа тилкесине 202 күндөн берки кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

2132019
Израилдин Газа тилкесиндеги кол салууларынан каза болгондор...

Израиль армиясынын кол салууларын 202 күндөн бери улантып жаткан Газа тилкесинде каза болгондордун саны 34 миң 305ке жетти.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Газадагы билдирүүсүндө Израилдин Газа тилкесине 202 күндөн берки кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

Израил армиясынын акыркы 24 саатта Газа тилкесине кол салууларынан дагы 43 палестиналыктын каза болгону, 64 палестиналыктын жараланганы белгиленди.

Израилдин Газа тилкесине кол салууларында 7-октябрдан бери каза болгондордун саны 34 миң 305ке, жаралуулардын саны 77 миң 293кө жеткени белгиленди.

Билдирүүдө урандылардын астында жана жол жээгинде каза болгондордун бар экендиги, бирок израилдик аскерлердин тоскоолдуктарынан улам медициналык топтор жана жарандык коргонуу өкүлдөрүнүн сөөктөргө жете албаганы да кайталанды.



Тектеш кабарлар