Газада менингит жана гепатит жайыла баштады

Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.

2131967
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады

Израилдин кол салууларына кабылган Газа тилкесинде калк арасында "менингит" жана "гепатит С" оорусуна чалдыккандар аныкталды.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта, Израилдин кол салууларынын себебинен жер которгон палестиналыктардын арасында, канализация суусунун ташышы жана ичүүчү суунун жетишсиздигинен улам ден-соолук көйгөйлөрүнүн пайда болгону белгиленди.

«Көп сандаган менингит жана гепатит С учурлары аныкталды», - деп айтылган билдирүүдө, көчөлөрдө жана чатырларда көптөгөн эпидемиялык оорулардын жайылып жатканы, бул абалдын өзгөчө балдардын ден-соолугуна коркунуч туудурганы эскертилди.

Министрликтин билдирүүсүндө, тиешелүү эл аралык жана гуманитардык уюмдарга «тез арада чара көрүү» чакырыгы салынды.



Тектеш кабарлар