АКШ Польшага жана Нидерландияга AARGM-ER сатат

АКШнын Мамлекеттик департаментинин билдирүүсүндө, Европанын эки өлкөсү Польша менен Нидерландияга өнүккөн антирадиациялык башкарылуучу ракеталарды сатууга уруксат берилгени маалымдалды.

2131946
АКШ Польшага жана Нидерландияга AARGM-ER сатат

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Польшага жана Нидерландияга өнүккөн антирадиациялык башкарылуучу ракеталарды (AARGM-ER) сатууну бекитти.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин билдирүүсүндө, Европанын эки өлкөсү Польша менен Нидерландияга өнүккөн антирадиациялык башкарылуучу ракеталарды сатууга уруксат берилгени маалымдалды.

Польша 1,2 миллиард долларлык 360 антирадар ракетасын жана программалык колдоону, ал эми Нидерландия 700 миллион долларлык 265 даана ракета сураган.

Европа өлкөлөрүнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттыруу максатында сатып алууну каалаган ракеталардын чыныгы согуш шарттарында колдонулган AGM-88 HARM антирадар ракеталарынын өнүккөн версиясы экени белгиленди.



Тектеш кабарлар