Андерссон террор менен күрөшүүдө Түркия менен кызматташтыкты күчөтүүнү каалайт

Андерссон расмий сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Швециянын борбор шаары Стокгольмго барган Европа Биримдиги (ЕБ) кеңешинин төрагасы Шарль Мишель менен жолугушту.

1832547
Андерссон террор менен күрөшүүдө Түркия менен кызматташтыкты күчөтүүнү каалайт

Швециянын премьер-министри Магдалена Андерссон коопсуздук жана террор менен күрөшүү темасында Түркия менен эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөнү чыдамсыздык менен күтүп жатканын айтты.

Андерссон расмий сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Швециянын борбор шаары Стокгольмго барган Европа Биримдиги (ЕБ) кеңешинин төрагасы Шарль Мишель менен жолугушту.

Андан соң эки лидер маалымат жыйынын өткөрүштү.

НАТО үчүн Түркия менен сүйлөшүүнү кызыктыргандарын билдирген Андерссон:«Мен Түркия менен коопсуздук жана терроризмге каршы күрөшүү маселелери боюнча эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөнү чыдамсыздык менен күтөм. Учурда Түркия менен сүйлөшүүлөр уланууда. Бул сүйлөшүүлөр уланат деп күтөбүз»,-деди.

Террор уюмдарына акча жөнөтпөгөндөрүн белгилеген Андерссон: «Швециялык дипломаттар Анкарада. Террордук уюмдарга курал жана акча жөнөтпөйбүз. ММКда чыккан же түшүнүксүз болгон нерселерди талкуулап, сүйлөшүп, тактап беребиз»,-деп айтты.

Европа Биримдиги (ЕБ) Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель ЕБ Швециянын НАТОго мүчөлүгүн колдой турганын жана алар Европаны коопсуз кылаарын белгиледи.



Тектеш кабарлар