Маймыл чечек вирусу жайылып баратат
Оорунун кенен аймактарга жайылуу ыктымалы абдан аз.
Маймыл чечек вирусунун Европа Биримдигине мүчө 9 өлкөдө 67 кишиде аныкталгандыгы, оорунун кенен аймактарга жайылуу ыктымалынын аз экендиги билдирилди.
Европа Биримдигине караштуу Европа ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун мындан мурда билдирген 8 өлкөдө 85 экендиги айтылган бейтап саны 67 деп өзгөтүлдү.
Европа ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун билдиргенине караганда маймыл чечек вирусу бейтаптары 15 - 23 - май күндөрүнүн арасында Австралия, Бельгия, Франция, Германия, Италия, Нидерландия, Португалия, Испания жана Швецияда катталган.
Европа ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун директору Андеа Аммон бул тууралуу билдириүүсүндө : "Учурдагы бейтаптардын көпчүлүгүндө жеңил белгилер бар. Оорунун кенен аймактарга жайылуу ыктымалы абдан аз".- деп билдирген.