Зеленский: «Орусиядан келип чыккан экинчи кризис азык-түлүк кризиси болот», аскердик абал...

Зеленский: «Эгерде биз Украинанын портторун ачып, азык-түлүккө муктаж Африка, Европа жана Азия өлкөлөрүнө жардам бербесек, азык-түлүк каатчылыгы болот»,-деп айтты.

1830415
Зеленский: «Орусиядан келип чыккан экинчи кризис азык-түлүк кризиси болот», аскердик абал...

Украинанын президенти Владимир Зеленский 24-февралдан бери согушуп жаткан Орусияны 20 миллион тонна азык-түлүк экспортуна тоскоол болууда деп айыптап, портторундагы тоскоолдуктар жоюлбаса, көптөгөн өлкөлөр азык-түлүк кризисине туш болоорун айтты.

Зеленский билдирүүсүндө:«Дүйнө жүзү Украинага Орусиянын порттордогу бөгөттөрүнөн чыгарууга жардам бериши керек, антпесе энергетикалык кризистен кийин азык-түлүк кризиси башталат. Орусия дан, арпа, күн карама жана башка азык-түлүктөрдү экспорттоо үчүн дээрлик бардык портторду жаап салды»,-деди.

Зеленский: «Эгерде биз Украинанын портторун ачып, азык-түлүккө муктаж Африка, Европа жана Азия өлкөлөрүнө жардам бербесек, азык-түлүк каатчылыгы болот»,-деп айтты.

Украинанын лидери өлкөсүнүн портторундагы тоскоолдуктарды жоюунун жолдорунун бири аскердик чечим экенин айтты.

Бул тууралуу Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба социалдык тармактагы баракчасында билдирүү жасап: «Орусия биздин портторубузду жаап, миллиондогон адамдарды ачарчылык коркунучуна салып жатат»,-деди.

Согушка чейин Россия менен Украинадан келген буудай дүйнөлүк сооданын дээрлик 30 пайызын түзгөн.

 

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Мамлекеттик катчылыгынын маалыматына караганда, Украина дүйнөдө жүгөрү экспорттоо боюнча 4-орун, буудай экспорттоо боюнча 5-орунда турат.

Бир тараптан Украина парламенти Зеленскийдин өлкө боюнча аскердик абал режимин дагы 90 күнгө узартуу боюнча мыйзам долбоорун жактырды.

Парламенттин сайтында жарыяланган маалыматка караганда, өлкөдө аскердик абал режимин 23-августка чейин узартууну караган мыйзам долбоорун парламентте 320 депутат кабыл алды.

Зеленский 24-февралда Орусиянын өз өлкөсүнө жасаган чабуулунан улам аскердик абал жарыялаганын билдирген.



Тектеш кабарлар