Танзанияда селден 155 киши каза болду

Премьер-министр Кассим Мажалива парламентте сүйлөгөн сөзүндө нөшөрлөгөн жамгырдан улам болгон селден 155 кишинин каза болгонун, 236 кишинин жараланганын билдирди.

2132223
Танзанияда селден 155 киши каза болду

Танзанияда нөшөрлөгөн жамгырдан улам болгон селден 155 киши каза болду.

Премьер-министр Кассим Мажалива парламентте сүйлөгөн сөзүндө нөшөрлөгөн жамгырдан улам болгон селден 155 кишинин каза болгонун, 236 кишинин жараланганын билдирди.

Жамгырдан 26 аймакта 200 миң киши жабыр тартканын белгилеген Мажалива 10 миң үйдүн зыян тартканын белгиледи.

Селдин кесепетинен айрым мектептер, жолдор, көпүрөлөр жана саламаттыкты сактоо мекемелери жарактан чыгып, көптөгөн айыл чарба жаныбарлары да кырылып калды.

Танзания метеорологиялык агенттигинин маалыматына караганда, катуу жамгырдын келерки айга чейин улануусу күтүлүүдө.


Этикеткалар: #селден , #Танзанияда

Тектеш кабарлар