Германиядагы украиналыктар Түркиядан жардам сурашты

Түркиянын Берлин элчилигинин алдында 200дөн ашуун украиналык чогулду.

1828610
Германиядагы украиналыктар Түркиядан жардам сурашты

Германияда  жашаган украиналыктар өлкөлөрүндөгү жарандардын эвакуацияланышы үчүн Түркиядан жардам сурашты. 

Түркиянын Берлин элчилигинин алдында чогулган 200дөн ашуун украиналык түрк тилинде "Түркия Мариуполду куткар" деген ураан менен узун убакыттан бери Россиянын курчоосу астында калган аскер жана жарандар үчүн президент Режеп Таййип Эрдогандан жардам талап кылышты.

Митингге чыккандардан Ева Якубоваска Түркиянын Мариуполь шаарынан чыга албай калган аскер жана жарандарды деңиз жолу аркылуу эвакуациялоонун эң жакшы жол экендигин белгилеп : "Түркия  күчтүү бир өлкө жана  коопсуздукту түзүү менен эвакуациялай алат",- деди. 

 

 

 



Тектеш кабарлар