Зеленский : "Согуш тууралуу сөз кылып жатканда этият болуу керек"

Владимир Зеленский борбор шаар Киевде журналисттердин  суроолоруна жооп берди.

1770116
Зеленский : "Согуш тууралуу сөз кылып жатканда этият болуу керек"

Украинанын президенти Владимир Зеленский : "Россия менен Украинанын ортосундагы согуш ыктымалдыгы тууралуу сөз кылып жатканда этият болгула. Бизге мындай дүрбөлөңдүн кереги жок",- деди.

Владимир Зеленский борбор шаар Киевде журналисттердин  суроолоруна жооп берди.

Зеленский Россия менен согушуп калса, Украинаны коргоо үчүн эч бир өлкө өз армиясын жибербей турганын айтып : «Эгерде согуш болсо кайсы өлкөнүн армиясы бизди коргоого даяр? Бул болбойт. Бул НАТО үчүн абдан коркунучтуу. Эгер Украина альянска кирсе, НАТО аны коргоого аргасыз болот. Булар НАТО үчүн абдан олуттуу кыйынчылыктар. Айрым Европа өлкөлөрү Украинанын НАТОго кошпоо менен тобокелчиликке барбоого ишенип жатышат. Бирок азыр жалпы согуш баштала турган болсо бул айрым НАТО өлкөлөрүнүн чек араларында болот»,- деди. Батыш өлкөлөрүндө Украина менен Россиянын ортосунда согуш чыгышы мүмкүн деген дүрбөлөң атмосферасынын түзүлгөнүнө көңүл бурган Зеленский : «Украина менен Россиянын ортосундагы согуш жөнүндө сөз кылып жаткандаэтият болуу керек. Британияда, Германияда, Францияда, Латвияда басма сөз согуш болду деген таасирди жаратууда. Бирок абал мындай эмес. Мындай дүрбөлөңдүн кереги жок»,- деди.

Согуштун болуп же болбой тургандыгын так айтуу мүмкүн эмес экенин белгилеген Владимир Зеленский : «Согуш болушу мүмкүн.Толук масштабдуу согуш боло турган болсо анда бир гана Украинанын территориясында болбойт. Инфляция жана кибер кол салууларды да камтыган гибрид согуш болот»,- деди.

Украинанын ар кандай сценарийге даяр экенин баса белгилеген Зеленский : «Биз бардык жактан даярданып жатабыз. Мен тынч аскердик даярдык жана дипломатия колдонулушу керек деп эсептейм. Жогорку ыктымалдуу коркунучтарга даярданып жатабыз, бирок биз андагычындыкты да түшүнөбүз»,- деди.

Украинанын лидери Россиянын президенти Владимир Путин менен каалаган форматта жолугушууга даяр экенин билдирип : «Путин мени эмне үчүн Сочиге чакырып жатат? Лыжа тебеминби? Анда Одессада жолугалы, деңизге барабыз. Мен Путин менен жолугушуудан коркпойм, бинардык же каалаган форматта болсун мен даярмын»,- деди.



Тектеш кабарлар