Флоридада кеме оодарылып кетти

Кеменин оодарылып кетишинен 39 адам дайынсыз жоголду.

1768411
Флоридада кеме оодарылып кетти

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Флорида штатынын жээктеринде кеменин оодарылып кетишинен 39 адам дайынсыз жоголду.

АКШнын Жээк коопсуздук кызматы тарабынан жасалган билдирүүдө, Форт-Пирс Инлеттин болжол менен 72 километр чыгышында оодарылып кеткен кемеге жармашкан бир кишинин куткарылганы кабарланды.

Билдирүүдө куткарылган адамдын, аба ырайынан улам оодарылып кеткен кемеде дагы 39 адамдын болгонун, эч кимде куткаруучу жилеттин жок экенин айтканы белгиленди.

Жээк коопсуздук кызматынын бул окуянын адам сатуу менен байланышы бар деп шектенип жатканы айтылган билдирүүдө, ишемби күнү кечинде Багама аралдарынан чыккан кемедеги 39 кишини издөө-куткаруу иштеринин уланганы маалымдалды. 



Тектеш кабарлар