Армениянын президенти Саркисян кызматтан кетти

2018-жылы президент болуп шайланган Саркисяндын кызмат мөөнөтү 2025-жылы аяктамак.

1767100
Армениянын президенти Саркисян кызматтан кетти

Армениянын президенти Армен Саркисян кызматтан кеткенин билдирди.

Армен Саркисян жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, өлкөсүндө ар кандай саясий көйгөйлөр бар экенин жана алар менен күрөшүү үчүн керектүү мүмкүнчүлүктөрдүн жоктугун белгиледи.

Президент катары ички жана тышкы маселелерди чече турган конституциялык күчкө ээ эмес экенин билдирген Саркисян, кээ бир саясий топтордун да өзүн жана үй-бүлөсүн бутага алганын айтты.

Жогоруда айтылган себептерден улам ден соолугунун да терс таасирленгенин баса белгилеген Саркисян: «Көпкө ойлондум жана төрт жылдан кийин президенттиктен кетүүнү чечтим. Бул чечим эмоционалдык эмес, белгилүү бир логиканын алкагында кабыл алынды»,-деди.

2018-жылы президент болуп шайланган Саркисяндын кызмат мөөнөтү 2025-жылы аяктамак.



Тектеш кабарлар