Ооганстанда кичи автобус жардырылды

Талибан башкаруучулугуна караштуу Герат полиция башкармалыгы Ооганстандын Герат аймагындагы Хажы Аббас аймагында жарандарды ташыган кичи автобуска бомбалуу кол салуу жасалганын жарыялады.

1766882
Ооганстанда кичи автобус жардырылды

Ооганстандын батышындагы Герат провинциясында жайкын тургундарды ташыган кичи автобуска жардыруу болуп 6 киши каза тапты.

Талибан башкаруучулугуна караштуу Герат полиция башкармалыгы Ооганстандын Герат аймагындагы Хажы Аббас аймагында жарандарды ташыган кичи автобуска бомбалуу кол салуу жасалганын жарыялады.

Герат мамлекеттик ооруканасынын башкы дарыгери Мухаммед Ариф Желали кол салууда араларында аялдар да болгон 6 кишинин каза болгонун, 10 кишинин жараланганын айтты.

Азырынча кол салуу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек.



Тектеш кабарлар