АКШдан орусиялык компанияга санкция

Түндүк Корея мурунку күнү гиперүндүү ракетасын сынагандан кийин АКШ администрациясы жооп кайтарды.

1761942
АКШдан орусиялык компанияга санкция

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Түндүк Кореянын курал-жарак жана ракеталык программасына жабдыктарды берген 6 түндүк кореялык жана 1 орус жараны менен 1 орусиялык компанияны санкция тизмесине киргизди.

Түндүк Корея мурунку күнү гиперүндүү ракетасын сынагандан кийин АКШ администрациясы жооп кайтарды.

АКШнын Казына департаментинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Орусия жана Кытайдан жабдыктарды сатып алып Түндүк Кореянын курал программаларына колдоо көрсөткөнү менен айыпталган 6 түндүк кореялык жана 1 орус жараны менен 1 орусиялык компаниянын санкция тизмесине киргизилгени кабарланды.

Билдирүүдө бул кадамдардын Түндүк Кореянын курал-жарак программасын илгерилетүүсүнө тоскоол болуу үчүн жана Түндүк Кореянын 2021-жылдын сентябрынан бери Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин токтомдорун бузган 6 ракета сыноосунан улам ташталганы баса белгиленди.

Түндүк Корея 1000 километр алыстыктагы сууларда бутаны ийгиликтүү аткан гиперүндүү ракетасын сынаган.

Япония менен Түштүк Корея 11-январда Түндүк Корея баллистикалык болуу ыктымалдыгы жогору ракеталык сыноо өткөргөнүн билдиришкен. Эки өлкө, бул ракетанын абада үндөн 10 эсе ылдам кыймылдаганын кабарлаган.

Түндүк Корея 5-январда гиперүндүү ракетасын ийгиликтүү сынаганын жарыялаган. Түндүк Корея 2021-жылдын сентябрынан бери алты ракета сыноосун өткөрдү.



Тектеш кабарлар