Путин-Аббас сүйлөшүүсү
Путин Аббас менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.
Орусиянын президенти Владимир Путин менен Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас Палестина маселесин талкуулашты.
Орусиянын Президенттик (Кремль) сарайынан берилген маалыматка караганда, Путин Аббас менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.
Путин менен Аббастын бири-бирине жаңы жылдык куттуктоо айтышкан сүйлөшүүдө Палестина маселеси каралды.
Бул маселеге байланыштуу эки тараптуу өз ара аракеттенүү боюнча пикир алмашкан сүйлөшүүдө эки тарап тең Жакынкы Чыгыш төртилтигинин (Орусия, Америка Кошмо Штаттары, Европа Биримдиги, БУУ) колдоосу астында Палестина менен Израилдин ортосундагы конструктивдүү сүйлөшүүлөрдү мүмкүн болушунча тез арада кайра баштоо керектигин баса белгилешти.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.