Орусия: «НАТО кагылышууга даярданууда»

Александр Фомин борбор шаар Москвада чет өлкөлөрдүн аскердик атташелери менен уюштурган брифингде НАТОнун иш-аракеттерине баа берди.

1753384
Орусия: «НАТО кагылышууга даярданууда»

Орусиянын коргоо министринин орун басары Александр Фомин, НАТОнун өлкөсү менен “кеңири масштабдуу куралдуу кагылышууга даярданууну” максат кылганын айтты.

Александр Фомин борбор шаар Москвада чет өлкөлөрдүн аскердик атташелери менен уюштурган брифингде НАТОнун иш-аракеттерине баа берди.

НАТОнун акыркы мезгилде Орусияны токтотууга карата кадам таштаганын белгилеген Фомин, өлкөсүнүн Кансыз согуштан кийин (1947-1991) НАТО менен байланыш куруу үчүн көп аракет жасаганын айтты.

Александр Фомин Орусиянын өзүнүн батыш чек араларын куралсыздандырганын жана батыш өлкөлөрү менен “конструктивдүү өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө” ар дайым даяр экенин жактады.

НАТОнун болсо «Орусия менен согушка даярданып жаткандыгын» баса белгилеген Фомин: «НАТОнун аскердик түзүмүндө, Орусия менен кеңири масштабдуу куралдуу кагылышууга даярдануу үчүн кайрадан максат коюлду»,- деди.

Фомин НАТОнун акыркы жылдардагы аскердик стратегиясы боюнча документтерде Орусиянын "коопсуздукка коркунучтун негизги булагы" катары сыпатталганын айтты.

Александр Фомин, Америка Кошмо Штаттары (АКШ) менен НАТОго ар кандай коопсуздук кепилдиги боюнча сунуштарды камтыган 2 келишим долбоорун жөнөткөндөрүн билдирип: «Биз конструктивдүү консультациялар болот деп үмүттөнөбүз. НАТОдон биздин сунуштарга ыкчам конкреттүү жооп күтөбүз. Биз сүйлөшүүлөрдү каалаган убакта баштоого даярбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар