АКШда түзөтүү абагындагы жаш өспүрүмдүн киши колдуу болгондугу ортого чыкты
Америка Кошмо Штаттарынын Канзас штатындагы түзөтүү абагында жаткан Африка тектүү жаш өспүрүмдүн зомбулуктан улам каза болгону маалымдалды.
Америка Кошмо Штаттарынын Канзас штатындагы түзөтүү абагында жаткан Африка тектүү жаш өспүрүмдүн зомбулуктан улам каза болгону маалымдалды.
Канзас штатынын Седгвик шаарындагы түзөтүү абагында жаткан 17 жаштагы Седрик Лофтон абак кызматкерлери менен мушташкандан кийин жеткирилген ооруканада каза болду.
Соттук - медициналык экспертиза органдары даярдаган экспертизанын корутундусунда өспүрүмдүн өлүмү адам өлтүрүү экендиги белгиленди.
Түзөтүү абагынын кызматкерлери Лофтон өмүрүнө коркунуч туудурган жаракат алган эместигин айтышууда.
Отопсия корутундусунда зомбулукка кабылган Лофтондун көмкөрөсүнөн жаткырылып кишен салынгандан кийин дем ала албай жүрөгү токтоп калганы билдирилди.
Лофтон 24 - сентябрда тарбиялоочу мекеменин кызматкерлери менен талашып - тартышкандан кийин бир топко чейин кишенде кармалган.
Мушташканда алган соккулардан улам ооруканага жеткирилген Лофтон эки күндөн кийин каза болгон.
Лофтонду токмоктогон кызматкердин аты-жөнү билдирилбестен, кызматкер акы төлөнүүчү административдик өргүүгө чыгарылган.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.