Кытай жерди байкоочу спутнигин учурду

Спутник пландалган орбиталык жерге жайгаштырылганы кабарланууда.

1752799
Кытай жерди байкоочу спутнигин учурду

 

Кытай жерди байкоочу «ZY-1 02E» спутнигин космоско жиберди, ал жаратылыш ресурстарына байкоо жүргүзүү үчүн колдонулат.

Синхуа агенттигинин кабарына караганда, спутник өлкөнүн түндүгүндөгү Шаанши провинциясындагы Тайюэн спутник борборунан Long March 4C ракетасы менен учурулган.

Спутник пландалган орбиталык жерге жайгаштырылганы кабарланууда.

Кытайдын космостук технологиялар академиясы тарабынан иштелип чыккан спутник жаратылыш ресурстарын баалоо, экологиялык мониторинг, кырсыктардын алдын алуу, айлана-чөйрөнү коргоо жана шаар куруу иш-чараларын колдоо үчүн колдонулат.

Ушундай эле функцияны аткаруучу «ZY-1 02D» спутниги 2019-жылдын 12-сентябрында космоско учурулган.



Тектеш кабарлар