Вашингтонго нурлуу билдирүү: «Улуу Орусия кайра жаралууда»

Орусиянын борбору Москвадагы Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) элчилигинин имаратына бир топ тарабынан «Улуу Россия кайра жаралууда» деген билдирүү проекция менен чагылдырылды.

1752714
Вашингтонго нурлуу билдирүү: «Улуу Орусия кайра жаралууда»

Орусиянын борбору Москвадагы Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Элчилигинин имаратына бир топ тарабынан «Улуу Россия кайра жаралууда» деген билдирүү проекция менен чагылдырылды.

Мындан 30 жыл мурун, 1991-жылдын 25-декабрында Михаил Горбачевдун кызматтан кетиши менен СССРдин таркашынын 30 жылдыгында Орусиянын борбору Москвадагы АКШ элчилигинин имаратына бир топ тарабынан түрдүү тексттер жана сүрөттөр проекция менен чагылдырылды.

Элчиликте «Жаңы жылың менен, Сэм байке. 30 жыл мурун сонун белек берген элеңиз. 25-декабрь 1991-жыл. Бирок мындан ары белек болбойт. Улуу Россия кайра жаралууда» деген жазуулардан кийин Советтер Союзунун желеги, Советтер Союзунун акыркы лидери Михаил Горбачев отставкага кеткен имараттын негизги сүрөтү жана Россиянын желеги тартылган сүрөт чагылдырылды.

Имаратка тартылган сүрөттөрдүн арасында 2014-жылы аннексияланган Крымдын картасы, Керч кысыгынын үстүнө курулган көпүрө жана Орусиянын баллистикалык ракеталарынын сүрөттөрү бар.



Тектеш кабарлар