Астана гаранттарынан Сирияда кызматташтык билдирүүсү

Казакстандын борбор шаары Нур-Султанда Сирия боюнча 17-Астана сүйлөшүүлөрүнүн акыркы билдирүүсү жарыяланды.

1751286
Астана гаранттарынан Сирияда кызматташтык билдирүүсү

Астана сүйлөшүүлөрүнүн кепил өлкөлөрү Түркия, Орусия жана Иран Сирияда карапайым калкты бутага алган террордук топторго каршы кызматташтыгын улантууну чечти.

Казакстандын борбор шаары Нур-Султанда Сирия боюнча 17-Астана сүйлөшүүлөрүнүн акыркы билдирүүсү жарыяланды.

Түркия, Орусия жана Иран биргелешип кол койгон декларацияда Сирия Араб Республикасынын эгемендигине, көз карандысыздыгына жана жеринин бүтүндүгүнө дагы бир жолу урмат-сый көрсөтүлүшү керектиги белгиленди.

Билдирүүдө Сириянын биримдигине доо кетирүү жана коңшу өлкөлөрдүн улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирген ар кандай жикчил аракеттерге каршы биргелешип күрөшүүгө даяр экендиктери дагы бир жолу баса белгиленип, Сириянын ар кайсы аймактарында жарандарды бутага алган кол салуулардын күчөшү катуу айыпталды.

Билдирүүдө ДЕАШ, Аль-Нусра фронту жана Аль-Каида менен байланышы бар башка бардык террордук топторду акыры жок кылуу үчүн кызматташтыкты улантуу чечими дагы бир жолу белгиленди.

Идлиб чыңалуусун азайтуу зонасында террордук аракеттердин көбөйүшүнө байланыштуу олуттуу тынчсыздануу билдирилген билдирүүдө,«Идлиб чыңалуусун азайтуу аймагындагы гуманитардык абалды жакшыртуу үчүн дагы көп аракет кылуу макулдашылды.Идлибге байланыштуу бардык келишимдердин толук түрдө ишке ашырылышы менен кагылышуу аянтында тынчтыктын камсыздалышы керектиги баса белгиленди»,делди.

Билдирүүдө Сириянын түндүк-чыгышында терроризм менен күрөшүү шылтоосу менен мыйзамсыз башкаруу аракеттеринин четке кагылганы белгиленди.

Евфрат дарыясынын чыгышындагы коңшу өлкөлөрдүн улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирген жикчил аракеттерге каршы туруу чечимине басым жасалган декларацияда, «Бул контекстте Евфрат дарыясынын чыгышында жикчил топтордун жарандарга карата душмандыгынын күчөшүнөн олуттуу тынчсыздануу болду»,- деген пикир орун алды.

Билдирүүдө Сирияга таандык болушу керек болгон мунай кирешелеринин мыйзамсыз колго түшүрүлүшүнө каршылык билдирилип, Израилдин Сириядагы эл аралык укук, аймактагы ырааттуулук жана коопсуздукту коркунучка салган аскердик кол салуулары айыпталып, бул кол салуулардын токтотулушу талап кылынды.

Швейцариянын Женева шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун карамагында өткөрүлгөн Сириянын Конституциялык комитетинин Сириядагы саясий процесстин алдыга жылдыруудагы ролунун маанисине көңүл бурулган билдирүүдө комитеттин 7-айлампаны мүмкүн болушунча тезирээк өткөрүүгө чакырылды.

Билдирүүдө эл аралык коомчулук менен БУУну бардык сириялыктар үчүн эч кандай дискриминация, саясатташтыруу жана алдын ала шарттарсыз тоскоолдуктарды жоюуга жана өлкөдөгү инфраструктуралык долбоорлорго колдоо көрсөтүүгө, ошондой эле качкындардын Сирияга кайтып келишине көмөктөшүүгө чакырды. эл аралык гуманитардык укук жана камактагыларды бошотууга байланыштуу иш-чараларды кеңейтүү чечими айтылды.

Билдирүүдө тараптар Сирия боюнча кезектеги Астана сүйлөшүүлөрүнүн 2022-жылдын биринчи жарымында Казакстандын борбор шаары Нур-Султанда өткөрүлүшүн чечишти.


Этикеткалар: #Иран , #Орусия , #Түркия , #Астана

Тектеш кабарлар