Сирия темалуу 17-Астана жолугушуулары башталды

Жыйналыштарга Түркиянын атынан Тышкы иштер министрлигинин Сирия боюнча башкы директору, элчи Селчук Үнал жетектеген делегация катышууда.

1750429
Сирия темалуу 17-Астана жолугушуулары башталды

Сирия кризисинин чечилиши үчүн түзүлгөн Астана сүйлөшүүлөрүнүн кепили Түркия, Орусия жана Ирандын делегациялары Казакстандын борбор шаары Нур Султанда 17-жолу чогулду.

Жыйналыштарга Түркиянын атынан Тышкы иштер министрлигинин Сирия боюнча башкы директору, элчи Селчук Үнал жетектеген делегация катышууда.

Россия тараптан президент Владимир Путиндин Сирия боюнча атайын өкүлү Александр Лаврентьев, Иран тараптан тышкы иштер министринин саясий маселелер боюнча кеңешчиси Али Асгар Хажи, Сирия режиминин тышкы иштер министринин орун басары Айман Сусан жана аскерий оппозиция болсо Ахмет Тума төрагалыгында катышууда.

Бириккен Улуттар Уюмунун Сирия боюнча атайын өкүлүнүн орун басары Хавла Маттар да катышкан сүйлөшүүлөргө Ирак, Иордания жана Ливан «байкоочу» статусу менен катышууда.

Түрк делегациясы сүйлөшүүлөрдүн алкагында алгач БУУнун Сирия атайын делегациясы менен жолугушту.

Эки күндүк жыйындын күн тартибиндеги маселелер Сириядагы учурдагы кырдаал, гуманитардык жардам жеткирүү, Сириянын Конституциялык комитетинин Женевадагы ишин кайра жандандыруу, туткундарды алмашуу, барымтадагыларды бошотуу жана дайынсыз жоголгондорду издөө сыяктуу ишенимди бекемдөө чаралары негизгилери болот.

Орус президенти Владимир Путиндин Сирия боюнча атайын өкүлү Лаврентьев жолугушуудан мурда басма сөзгө берген маалыматында, биринчи кезекте жериндеги абал жана ок атышпоонун камсыздалышына көңүл бурушарын айтты.

Лаврентьев ДЕАШ жана башка террордук топтордун Сириядагы уктоочу клеткалары акыркы мезгилде кайрадан активдеше баштаганын айтты.

«Түрк жана ирандык өнөктөштөрүбүз менен болгон жолугушууларыбызда бул темага артыкчылык беребиз»,- деди ал.

Лаврентьев качкындар маселеси, камактагылардын бошотулушу жана гуманитардык кризис сыяктуу маселелерди жеңүү үчүн Сириядагы саясий процесстин алдыга жылдырылышынын маанилүүлүгүнө көңүлдөрдү буруп: «Сириянын Конституциялык комитетинин иши да сүйлөшүүлөрдүн эң маанилүү күн тартибиндеги маселелерден болот. Бул темада Сирия делегациясы (режим) менен жемиштүү жолугушуу өткөрдүк”,-деп айтты.

Сирия боюнча Астана сүйлөшүүлөрү 2017-жылы Түркия, Орусия жана Ирандын кепилдиги астында Сирия кризисине чечим табуу максатында башталган.



Тектеш кабарлар