НАТОдон Орусияга жооп берилди

Столтенберг Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги НАТОнун борборунда Орусиянын коопсуздук кепилдиги боюнча сунуштары тууралуу суроого жооп берди.

1750701
НАТОдон Орусияга жооп берилди

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, Орусиянын Америка Кошмо Штаттарына (АКШ) жана НАТОго жолдогон коопсуздук сунушунда Украинанын НАТОго алынбоо өтүнүчүнө жооп кылып, «Биз Европадагы бир дагы өлкөнүн, анын ичинде Украинанын өз жолун тандап алуу укугун бузбайбыз»,-деп жооп берди.

Столтенберг Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги НАТОнун борборунда Румыниянын премьер-министри Николае Чиука менен болгон жолугушуусунан кийин өткөрүлгөн маалымат жыйынында Орусиянын коопсуздук кепилдиги боюнча сунуштары тууралуу суроого жооп берди.

НАТО союздаштарынын Орусияга келгенде бирдиктүү мамиледе экенин белгилеген Столтенберг, Украинага карата агрессивдүү мамиленин Орусия үчүн оор кесепетин алып келерин , бирок маңыздуу диалогго да даяр экендерин айтты.

«Айрыкча азыркыдай тирешүү маалында отуруп талкуулоо, деэскалацияны басаңдатуунун жолун табуу жана мындан ары курчуп кетпеш үчүн этият болуу маанилүү»,-деп айткан Столтенберг: «Бирок Орусия менен ар кандай диалог, албетте, ондогон жылдардан бери Европанын коопсуздугун негиздеген негизги принциптерди жана документтерди сыйлоого тийиш. Булар ар бир өлкөнүн өз жолун тандоо укугун камтыйт. Буга НАТОнун өз союздаштарын жактоо жана коргоо укугу да кирет. Союздаштарыбызды коргоо укугунан эч качан баш тартпайбыз. Ошол эле учурда биз Европадагы эч бир өлкөнүн, анын ичинде Украинанын өз жолун тандоо укугуна шек келтирбейбиз»,-деди.

Столтенберг Орусия менен жолугушуу боло турган болсо НАТОдогу өнөктөштөрү, анын ичинде Украина менен да кеңешерин билдирди.



Тектеш кабарлар