Космоско сапарга чыккан япониялык миллиардер Жерге кайтып келди
Орусиянын Федералдык космос агенттигинин (Роскосмос) билдирүүсүндө, «туристтик» космос кемеси «Союз МС-20нын» учуусун аяктаганы белгиленди.
Япониялык миллиардер Юсаку Маэзава 12 күндүк космостук саякатынан кийин Жерге кайтып келди.
Жардамчысы Йодзо Хирано жана орусиялык космонавт Александр Мисуркин менен биргеликте 8-декабрда Казакстандагы Байкоңур космодромунан учуп чыккан 46 жаштагы Юсаку Маэзава кайрадан Казакстанга кадам таштады.
Орусиянын Федералдык космос агенттигинин (Роскосмос) билдирүүсүндө, «туристтик» космос кемеси «Союз МС-20нын» учуусун аяктаганы белгиленди.
Меазава өзүнүн YouTube каналында 12 күндүк космостук жашоосу жөнүндө маалымат бөлүшкөн.
Япон миллиардер платформадагы 1 миллион жолдоочусуна космосто кантип тиш жууп, душка түшсө болоорун айтып берген.
Тектеш кабарлар
Израилдик министр: "Газа жок кылынсын"
Безалел Смотрих, Согуш Кеңешинин жыйынынан кийин X социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасады.