Швеция Латвияга аскердик бөлүк жөнөтөт

Ульф Кристерссон маалымат жыйынында, Швециянын Башкы штабы менен НАТОнун биргелешкен декларацияга кол койгонун белгилеп, Швециянын 2022-жылы НАТОго мүчөлүгү үчүн баштаган процесстин аяктаганын айтты.

2132296
Швеция Латвияга аскердик бөлүк жөнөтөт

Швециянын премьер-министри Ульф Кристерссон өлкөсүнүн Түндүк Атлантикалык Келишим Уюмуна (НАТО) интеграцияланышын аяктаганын жана келерки жылы НАТОнун Латвиядагы батальонуна аскердик бөлүк жөнөтө тургандарын жарыялады.

Ульф Кристерссон маалымат жыйынында, Швециянын Башкы штабы менен НАТОнун биргелешкен декларацияга кол койгонун белгилеп, Швециянын 2022-жылы НАТОго мүчөлүгү үчүн баштаган процесстин аяктаганын айтты.

Кристерссон: «Келээрки жылдын башында өкмөт Канада жетектеген НАТОнун Латвиядагы бригадасына аскер жөнөтүүнү чечти. Аскердик бөлүктө 400-500 кызматкерден тышкары чынжырлуу брондолгон унаа CV 90 жана «Леопард» танктары болот»,- деди.



Тектеш кабарлар