Россияда бир көмүр шахтасында жарылуу болду

Кырсыкта 52 адам каза болду.

1739040
Россияда бир көмүр шахтасында жарылуу болду

Россиянын Кемерова облусундагы көмүр шахтасында чыккан өрттө 52 адамдын каза болгондугу жарыяланды. 

Россиянын Чукул абалдар министрлиги Кемеровадагы көмүр шахтасында 250 метрдик тереңдикте өрттүн чыккандыгын эскертип, өрт жана түтүндөн улам 239 адамдын эвакуациялангандыгын билдирди. Маалыматта өрттөн улам 52 адамдын каза болгондугу белгиленип, каза болгондордун арасында куткаруу тобунан кишилердин да бар экендиги билдирилди. 

Кечээ Кемеровадагы көмүр шахтасында 250 метрге жакын тереңдикте өрт чыгып, 239 адам эвакуацияланып, кеминде 11 адамдын каза болгондугу, 45 адамдын жаракат алгандыгы билдирилген. Россиянын президенти Владимир Путин каза болгондордун үй - бүлөлөрүнө көңүл айтты. 

 

 



Тектеш кабарлар