Афганистандык Шарбат Гула Италияга баш калкалады

Италия өкмөтүнүн Министрлер кеңешинин билдирүүсүндө Афганистандын жараны Шарбат Гуланын Италиянын борбору Римге келгени билдирилди.

1739293
Афганистандык Шарбат Гула Италияга баш калкалады
Sharbat Gula.JPG
Sharbat Gula.jpg

National Geographic журналынын мукабасындагы сүрөтү менен дүйнөгө атагы чыккан афган кызы Шарбат Гула Италияга баш калкалады.

Италия өкмөтү талибдер Афганистанды көзөмөлгө алгандан үч айдан кийин өлкөсүнөн кетүүнү каалаган Гулага эвакуация процессинде жардам бергендерин жарыялады.

Италия өкмөтүнүн Министрлер кеңешинин билдирүүсүндө Афганистандын жараны Шарбат Гуланын Италиянын борбору Римге келгени билдирилди.

Шарбат Гула 1985 -  жылы (Пакистан)жаш кыз кезинде  Пешавардагы бир качкындар лагеринде америкалык фотографчы Стив Маккарри тарабынан тартылган фотографиясы National Geographicтин мукабасында орун алышы менен бүткүл дүйнөнүн көңүлүн бурган.



Тектеш кабарлар