Мексика чек арасынан АКШга барууну каалаган мигрант конвоюу жолго чыкты
Мексика январдан сентябрга чейин 190 000ден ашуун документи жок мигранттарды аныктап, алардын 74300зүн депортациялаган.
Мексиканын Гватемала чек арасынан жолго чыккан 3 000 кишилик жаңы мигранттар конвою АКШ чек арасына баруу үчүн жөө басышты.
Мексика басма сөзүндө орун алган кабарга караганда АКШга барууга аракет кылган мыйзамсыз мигранттар, өлкөлөрүндөгү зомбулук, жумушсуздук жана жакырчылык сыяктуу көйгөйлөрдөн улам жакшы жашоо куруу үчүн жолго чыгышты.
Көбүнчө Борбордук Америкадан келген саны 3000дин тегерегинде экени болжолдолгон конвой, коопсуздук чараларына карабастан алгач борбор шаар Мехикого, андан соң кандайдыр бир жол менен АКШга барууну каалап жатат.
Көптөгөн жылдар бою Борбордук Америка өлкөлөрүнөн жолго чыккан мыйзамсыз мигранттар Гватемала жана Мексика аркылуу АКШга барууга аракет кылышууда.
Мексика январдан сентябрга чейин 190 000ден ашуун документи жок мигранттарды аныктап, алардын 74300зүн депортациялаган.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.