Жон Кирби Коргоо министри Ллойд ОстиндиКеннет Маккензиден брифинг алууну каалагандыгын билдирди

«New York Times» гезитинин 2019 - жылдын 18 -мартында АКШнын Сирияда 70ке жакын аял жана балдардан турган жарандык топко абадан кол салганы тууралуу кабары талаш-тартыштарды жаратты.

1734685
Жон Кирби Коргоо министри Ллойд ОстиндиКеннет Маккензиден брифинг алууну каалагандыгын билдирди

Америка Кошмо Штаттарынын Коргоо министрлигинин (Пентагон) басма сөз катчысы Жон Кирби, Коргоо министри Ллойд Остиндин 2019 -  жылдын март айында Сирияда болгон бир кол салууда аялдар менен балдарды бутага алган деген кабарлар боюнча АКШнын Борбордук күчтөрүнүн командири, армиянын генералы Кеннет Маккензиден брифинг алууну каалагандыгын билдирди.

«New York Times» гезитинин 2019 - жылдын 18 -мартында АКШнын Сирияда 70ке жакын аял жана балдардан турган жарандык топко абадан кол салганы тууралуу кабары талаш - тартыштарды жаратты.

Күнүмдүк пресс - конференцияда катчы Остин бул кабарды карап чыгууну буюрдубу деген суроого Кирби Остин атайын бир карап чыгууга буюрбагандыгын жана ал кабарды көргөндөн кийин генерал Маккензиден брифинг талап кылгандыгын айтты. Кирби ар дайым ийгиликтүү болушпаса да жарандык жоготуулар тууралуу ачык экендерин жактады.

Министрликтин өзгөчө да жарандык жоготууларды алдына алуу үчүн эки башка жалпы текшерүү жүргүзгөнүн билдирген Кирби : «Булардын бирөөсү аяктады, коопсуздук иликтөөдөн өткөрүлүүдө. Бири болсо акырына чыга баштады. Бул экинчиси Улуттук Коргонууга уруксат берүү мыйзамынын алкагында кааланган иш",- деди.

«New York Times» гезитиндеги кабарда АКШ аба күчтөрүнүн 2019-жылдын 18-мартында Сириянын Багуз аймагында аялдар жана балдардан турган жарандык топту бутага алганы кабарланган.

Кабарда АКШнын учкучсуз аба аппараттары менен аныкталган жарандык топко F-15E үлгүсүндөгү аскердик учактар ​​менен 3 башка кол салууда 2 тоннадан ашуун бомба ташталып, 70ке жакын кишинин каза болгондугу баса белгиленген.

 

 



Тектеш кабарлар