Жо Байден Беларусия - Польша чек арасындагы мигранттар тууралуу билдирди

АКШнын президенти Жо Байден жуманын акырында эс алуу үчүн Камп Дэвидге барардан мурда Ак үйдүн кабарчыларынын Беларусия  -  Польша чек арасындагы кризис тууралуу суроолоруна жооп берди.

1733421
Жо Байден Беларусия  -  Польша чек арасындагы мигранттар тууралуу билдирди

АКШнын президенти Жо Байден Беларусия  -  Польша чек арасындагы мигранттар киризисинен тынчсызданып жаткандыгын жана тынчсызданууларын Россия менен Беларусияга билдиргендигин айтты.

АКШнын президенти Жо Байден жуманын акырында эс алуу үчүн Камп Дэвидге барардан мурда Ак үйдүн кабарчыларынын Беларусия  -  Польша чек арасындагы кризис тууралуу суроолоруна жооп берди. Байден процесстин чоң тынчсыздануу булагы экендигин белгилеп : «Тынчсыздануубузду Россия жана Беларусияга билдирдик. Бул абалдын чоң  маселе экендигин ойлоп жатабыз»,- деди.

АКШнын вице  - президенти Камала Харрис да Франция сапарында бул тууралуу билдирүү жасап, кризисти жакындан жана санааркоо менен байкап жаткандарын айткан.

Беларуия  менен Польшанын ортосунда калган мигранттардын суук аба шарттары жана жетерсиз тамактануудан улам кыйын шарттарда жашоо үчүн күрөшүп жаткан 2 айда ушул себептер менен 10 кишинин каза болгондугу билдирилди.



Тектеш кабарлар