Россиянын аскердик учактары Идлибде Сирия Улуттук Армиясына кол салды

Россиянын аскердик учактары бул жерге 27 - октябрда да 4 жолу абадан кол салган.

1726845
Россиянын аскердик учактары  Идлибде Сирия Улуттук Армиясына кол салды

Россиянын согуштук учактары Сириянын Идлиб аймагында Түркия чек арасына жакын Ках айылынын айланасындагы Сирия улуттук армиясынын штабына абадан сокку урду.

Оппозициячылдарга таандык учак обсерваториясынан билдирилген маалыматка караганда Россиянын аскердик учактарынын Түркия убактысы боюнча саат 10:40тан тарта Түркия чек арасына 3 километр алыстыктагы Идлибдин Ках айылынын айланасындагы Сирия Улуттук Армиясынын бөлүктөрүнөн 23-дивизиянын штабына 9 жолу абадан кол салышты. Кол салууда каза болгон же жаракат алгандардын болбогондугу билдирилди.

Россиянын аскердик учактары бул жерге 27 - октябрда да 4 жолу абадан кол салган.



Тектеш кабарлар