Ла Пальмада атылуу күчөдү

Жанар тоо бүгүн эртең менен да лава жана от бүркүдү.

1724527
Ла Пальмада атылуу күчөдү

Испаниянын Канар аралдарынын бири Ла Пальмадагы Камбре Виеха жанар тоосу экинчи айда да лава бүркүүнү улантууда.

Жанар тоо бүгүн эртең менен да лава жана от бүркүдү.

Жанар тоодон чыккан лавалар 33 күндүн ичинде көбү үй болгон 2185 имаратты жок кылды.

19-сентябрда башталган жарылуудан бери лавалар 900 гектарга жакын жерди каптады.

7 миңден ашуун киши болсо үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушту.


Этикеткалар: #Канар аралдарынын

Тектеш кабарлар