Кытайда жаратылыш газ жарылды
Жаратылыш газынын жарылуусунан кеминде 3 адам каза болду.
1722957
Кытайдын Ляонин провинциясында жаратылыш газынын жарылуусунан кеминде 3 адам каза болду.
Жергиликтүү маалымат каражаттары провинциянын борбору Синьян шаарындагы ресторанда болгон жарылуудан 30дан ашуун адамдын жаракат алганын жазышты.
Эрте менен болгон жарылууда ресторан жайгашкан 3 кабаттуу имарат катуу жабыркаган.
Куткаруу иштери үчүн окуя болгон жерге 100дөн ашуун өрт өчүргүчтүн жөнөтүлгөнү, окуяны иликтөө ишинин уланып жатканы билдирилди.