Европа Биримдиги Сириядагы зимбулук окуяларынан тынчсызданууда

Европа Биримдиги Сирияда акыркы убактарда күч алган зомбулук окуяларынан тынчсыздангандыгын билдирди.

1723221
Европа Биримдиги Сириядагы зимбулук окуяларынан тынчсызданууда

Европа Биримдиги Сирияда акыркы убактарда күч алган зомбулук окуяларынан тынчсыздангандыгын билдирди.

Европа Биримдигинин тышкы карым  - катнаштар жана коопсуздук саясатынын жогорку өкүлү Жосеф Борреллдин  кеңсесинен берген жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө бардык тараптар тынчтыкка чакырылды.

Маалыматта БУУнун Сирия атайын өкүлү Гейр О. Педерсендин өлкө боюнча ок атышпоо чакырыгын колдогону дагы бир жолу кайталанды.

Билдирүүдө : «Сирияда туруктуулука кеткен бир гана жол БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2254 – резолюциясынын негизинде жана БУУнун жардамы менен ишенимдүү жана кенен камтуучу бир саясий чечүүчү жол»,- деп билдирилди.

Сирияда кечээ Башар Асад режиминин көзөмөлүндөгү борбор шаар Дамаскта аскердик унаага бомбалуу кол салуу жасалып, режим 14 аскеринин шейит болгонун жарыялады.

Андан кийин режим күчтөрү Идлибдин түштүгүндөгү Эриха районундагы бир базарды бутага алып, кеминде  10 жаран каза болду.



Тектеш кабарлар