Афганистандагы балдар ачкачылыктан өлүм менен бетме – бет

Мухаммед Эмин Шерифи балдардын жакырчылыктын айынан жакшы тамактана албагандарын жана жалпы өлкөдө балдардын абалынын коркунучта экендигин айтты.

1719761
Афганистандагы балдар ачкачылыктан өлүм менен бетме – бет

Борбор шаар Кабулда Индира Ганди балдар ооруканасында жетерсиз тамактануу бөлүмүнөн жооптуу дарыгер Мухаммед Эмин Шерифи балдардын жакырчылыктын айынан жакшы тамактана албагандарын жана жалпы өлкөдө балдардын абалынын коркунучта экендигин айтты.

Ооруканада ондогон баланын жетерсиз тамактануунун айынан  келип чыккан оорулардан улам дарыланып жаткандыгын белгилеген Шерифи : «Бул оорунун себеби элдин материалдык жактан начардыгы. Адамдар балдарына жакшы кам көрүп, жакшы тамактандыра албай жатат»,- деди.

Балдар жетиштүү көлөмдө протеин ала албагандыктан ич өткөк жана ушуга окшогон оорулар менен ооруп жаткандыгын айткан Шерифи : «Балдардагы ачкачылык жана жетерсиз тамактануу алсыздыкты пайда кылат»,- деди.

Шерифи өлкөдөгү саясий туруксуздуктун айынан мамлекеттик мекемелерде иштегендердин 4 айга жакын айлык ала албаганына көңүл буруп : «Кыштын келиши менен оорулардын саны көбөйөт. Адамдар айлык акыларын ала албай жатат, жумушсуздук жана жакырдык акыркы чегинде. Балдардын абалы коркунучта. Эл аралык коомдордон Афганистан калкына жардам берүүлөрүн суранабыз»,- деди.

Кабулдан 5 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан Будхак айылында кээ бир үй - бүлөлөр балдарына нан таба албай кыйналышууда.

Европа Биримдигинин тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жосеф Боррелл : "Афганистандагы гуманитардык жана социалдык-экономикалык абал кыйроо алдында турат. Норвегиянын Качкындар Кеңешинин маалыматы боюнча, жардам берилбесе  1 миллионго жакын бала кышында сууктан жана ачарчылыктан өлүү коркунучу алдында турат. Күтүүгө болбойт. Тез арада аракетке өтүүбүз керек»,- деди.  

 



Тектеш кабарлар